Учурда өлкө аймагында калкты тынчсыздандырган маселелер жол кыймылынын коопсуздугу, мал уурулук, мектеп рэкети, жаштар арасындагы кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана диний экстремизм болуп саналат. Бул 11-апрелде Кара-Кулжа районунда өткөн жыйында баса белгиленди.
Аталган жыйында БУУнун Кыргыз Республикасындагы Баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча 2015-жылдын июнь айында башталган социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү программасынын жыйынтыгын чыгарды. Анда долбоордун эл аралык координатору Кун Маркверинг, долбоордун координатору Жыпара Ракишева, Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Бекболот Мажитов, Кара-Кулжа районунун айыл аймагынын башчысы Арзыбек Жороев, Ош ОИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Орозмат Бөлөкбаев, Кара-Кулжа РИИБинин башчысы, милициянын полковниги Маматали Тургунбаев жана өздүк курамы катышты.
"Жогорудагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө коомчулук менен милициянын биргелешип аракеттенүүсү укук бузуулардын алдын алууга өбөлгө болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ички иштер бөлүмдөрүнүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча жоопкерчилигин күчөтө алат жана программанын алкагында жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнгөн акча каражаты көйгөйлүү маселелерди чечүүгө ар тараптуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт. Бул багытта Кара-Кулжа айыл аймагы тарабынан 67 миң сом бөлүнгөн",- деп жазылат маалыматта.
Ал эми аталган эл аралык уюм тарабынан автоунаа бөлүнүп берилди. Бул автоунаа милициянын ыйгарым өкүлдөрү болгон аялзатынын катышуусунда үй-бүлөлүк зомбулукка жана өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алууга байланышкан иш-чараларга пайдаланууга кайтарымсыз берилген. Бул эл аралык уюм ички иштер органдарынын катарындагы аялзатынын жана аз сандагы улуттардын өкүлдөрүн колдоо боюнча ар тараптуу долбоорлорду жасап келишүүдө. Укук бузуулардын алдын алууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.