SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Секонд-хенддин товарларын пайдаланса болобу?" деген тема талкууланды. Автор: "Секонд-хенддин товарларын пайдалансам болобу? Сапаты кандай, ден соолукка зыяны жокпу?"- деп суроо салган.
Колдонуучулардын жооптору мындай:
"Шаарга жаңы келип, жүдөп жүргөндө секонд-хендден кара, жакшынакай бут кийим алып, көп жыл кийдим. Элдин баары көз артчу".
"Ал кийимди кимдер кийди, балким, өлгөн кишинин кийимидир... Кытайдыкы болсо да жаңы эле алып кийген оң го".
"Бир студент кыздын билдирүүсүн окудум, элден өзгөчөлөнүп кийинүү үчүн дайыма секонд-хендден кийинет экен. "Эртең менен кирсем, 5-6 саатта араң чыгам, убактымдын кеткенине өкүнбөйм. Бул убакыттын ичинде канча килограмм кийим таап чыгам" деп жазыптыр. Дагы бир белгилүү эле адамдын "Кытайдын же "подделка" фирманын кийимин кийгенче секонд-хендден кийингеним оң. Анткени ал жердеги кийимдердин сапаты жогору" дегенин уккам".
"Товар секонд-хендге келгенче атайын дары-дармек кошулуп жуулат, анан гана башка мамлекеттерге таратылат жана сатыкка коюлат".
"Секонд-хенддеги товарлар башка мамлекеттен башка мамлекетке гуманитардык жардам катары алынып келинет. Аны биздикилер сатып акча кылышат. Кийимдеринин сапаты аябай жакшы, башкача кийимдер".
"Чынын айтканда, базардагы жаңы кийимдерге деле ишенич жок. Сатылып жаткан кийимди канча кардар кийип көрүп, жакпаса албай коёт. Кийимиң кымбат болсо да, жарашпаса бир тыйын. Жаңыбы, эскиби, кийим алганда үйгө барып жакшылап жууп алып кие бериш керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.