Санкт-Петербургда эмгек мигранттары үчүн 22-25 миң рубль өлчөмүндө айлык каралып, уста, тигүүчү жана кара жумушта иштегендерге талап жогору болууда

7-8-апрелде эмгек миграциясы, эмгек жана ишке орноштуруу темалары боюнча өткөн V Аймактар аралык конференциянын жүрүшүндө кыргыз жарандарына аталган шаарда жумуш ордулары боюнча маселе каралды. Анда Миграция боюнча мамлекеттик кызматына 68 жумуш берүүчүдөн 1002 жумуш орду сунушталганы маалым болду. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мигранттар үчүн сунушталган жумуш ордуларына 22-25 миң рубль өлчөмүндө айлык акы белгиленген. Жалпысынан электр жабдууларын оңдоочу устага, жүк ташуучу жумушчуларга, жарым фабрикаттарды өндүргөн автоматтын операторлоруна, тигүүчүлөргө, электр механика адисине, бетон куйган жумушчаларга, жыгач усталарга талап жогору.

Бардык жумуш берүүчү орундарда орус тилин билүү негизги талап катары каралат.

Кошумчалай кетсек, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу жаатында Кыргыз Республикасы менен Санкт-Петербургдун ортосунда комиссия түзүлгөн. 2014-жылы 21-апрелде Миграция боюнча мамлекеттик кызматы менен Санкт-Петербургдун эмгек ресурстары боюнча макулдашуу болгон. Макулдашуу алкагында жумушка орноштуруу жаатында маалымат алмашуу, кыргыз жарандарын ишке орноштуруу, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо иштери аткарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан