Адамзаттын жашоодогу эң негизги максаттарынын бири - турмуш куруу, аны алып кетүү, артында туяк калтыруу. Турмуш курууда да чоң жоопкерчилик, туруктуулук талап кылынат. Бирок акыркы кездерде туруктуулук жоголуп, үй-бүлөдө ажырашуулар көп болгону байкалууда. Бул моралдык жактан аялга да, эркекке да, эгер бала болсо, балдарга өтө чоң сокку болору талашсыз. Бул маселе SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акыркы кезде ажырашуулар көп болууда. Буга ким күнөөлүү?" деген темада талкууланууда. Темада бири жокчулукту, кайнененин киришчээктигин себеп кылса, бири түгөйлөрдүн бири-бирин сыйлабастыгын, көзүнө чөп салуусун айтышууда. Ошондой эле мындан башка да пикирлер айтылды:
"Ажырашуунун көптөгөн себептери бар: сексуалдык жактан канааттанбашы, каражаттын жетишсиздиги, физикалык жана моралдык жактан бири-бирине туура келбестик, жоопкерчиликтин жоктугу".
"Ажырашууда бир тарапты эле күнөөлөй берген туура эмес. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деген сөз бар".
"Кыргызда сөз бар го, "биринчи катын - катын, экинчи катын - отун" деген. Анын сыңары, биринчи менен ажырашпоого аракет кылыш керек".
"Ажырашууга, эркек, сен биринчи күнөөлүүсүң! Эмнеге аялыңды тоготпостукка салып түнү-күнү жүрө бердиң? Эмнеге түгөйүңдүн көңүлүнө карабайсың? Эмнеге дайым досторуң менен жолукканда аялыңды эмес, башка кыздарды алып барып жаттың кечеге? Ушундай нерселердин айынан үй-бүлөдө көңүл калып, мамиле муздап, ажырашуу келип чыгат. Ошондуктан, достор, аялдарыбызды сыйлайлы. Сүйүп алдыңбы, демек, анын көңүлүнө дайым кара, болбосо баарынан кур жалак каласың".
"Бир кишинин аялы аябай ажаан болот. Жадакалса кошуналарынын да нерви чыдачу эмес экен. Бир күнү досу келип, "досум, ушинтип кор болбой ажырашып эле кетчи" дейт. Анда досу "Мен го кетирейин, бул мага окшогон дагы бирөөгө тийип, анын да шорун катырат го. Андан көрө бир менин кыйналганым жетиштүү эмеспи?" деген экен. Ошондуктан баарын сабырдуулук менен жеңиш керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.