Сокулук районунда учурда 4475 улгайган курактагы кары жашайт. Анын 189у 90 жаштан ашкандар. Жалгыз жашаган 118 карыга 16 социалдык кызматкер көмөктөшүп турат. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, райондо Улуу Ата Мекендик согуштун 16 ардагери гана калды. Аларга өмүр бою төлөнүүчү стипендия каралган.
Ошондой эле бул райондогу 58 885 баланын 146сы толук жетимдер. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген катары каттоого алынган 803 бала бар. Жыл башынан бери кароосуз калган 15 бала аныкталган.