Бүгүн, 14-апрелде Ак үй алдына "пара алып жатканда кармалып, жүрөгү токтоп каза болду" делген И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун туугандары митингге чыгышты.
Маркумдун туугандары менен 3 сааттан соң Жогоку Кеңештин ар бир фракциясынан бирден өкүл чыгып жолугуп, алардын талаптарын угушту. Депутаттар Гапаровдун маселесин бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрө тургандыктарын айтышты.
Айта кетсек, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен жүрөгү токтоп калып каза болгон" деп билдирген. Бирок Гапаровдун жакындары УКМКнын бул ишке тийиштүү болгон кызматкерлеринин жоопко тартылышын талап кылып келишет. УКМКнын тийиштүү кызматкерлерине бул иш боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми бир нече күн мурун Гапаровдун уулу маалымат жыйын өткөргөн. Анда ал күч органдарында иштеген адамдар атасынын өлүмү боюнча ишти жабуу үчүн ага акча сунушташканын, алардын талабына макул болбогондуктан коркутуулар болуп жатканын айткан.