SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аскердик кызмат өтөдүң беле?" деген тема талкууга алынды. Темада форумчу мырзалар аскерге барган же барбаганынын себебин төмөндөгүчө жазышкан:
"Мен аскерге барган эмесмин, баргым келген, бирок үйдөгүлөр "окууңду окуп алчы" дешкенинен мектепти бүтүп эле ЖОЖго тапшыргам. Аскерге барам десем азыр деле кеч эмес, бирок мен кетип калсам, ишти ким жасайт?"
"Аскерге барбай эле, альтернативдик түрдө аскердик күбөлүк алгам".
"Окуу деп жүрүп аскерге барган жокмун. Бүткөндөн кийин өзүмдөн кичүүлөр менен бирге кызмат өтөгүм келген жок".
"Мен аскерге барганмын, анысы аз келгенсип аскердик жашоону улантып азыркы убакта аскердик окуу жайда окуп жаткан кезим".
"Мен аскерге коркуп барбай койгом. Ата-энем "барып кел" дешкен. Өзүм бутумду тиреп туруп алдым. Барганда деле качып келе берет элем. Барайын деген каалоом да, оюм да жок!"
"Бөлөмдү убагында ата-энеси тааныш аркылуу, акча менен Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына өткөрүшкөн эле. Чыдабай койдубу, билбейм, 1-курсту бүтүп-бүтпөй таштап салган. Аскерге да барган эмес. Эми окуудан же аскердик билеттен жок жүрөт. Азыр жумушка аскердик билети жок албайт, мамлекеттик жумуштарга альтернативдикти жаратышпайт экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.