Май айынын соңунан баштап 700 миңден ашуун мал каттоого алынат

Бүгүн, 14-апрелде өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын жетекчилиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, адистерди окутуу жана малды каттоону талкуулашты.

Мамлекеттик инспекциядан кабарлашкандай, аталган уюм адистерди окутууга жана техникалык базаны үйрөнүүгө кеткен каражаттарды гранттык негизде бөлүп берет. Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү жабдуулар берилди. Жабдуулар алгач Ош облусунун Ноокат районунда, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Чүй облусунун бардык аймактарында сыналат. Май айынын соңунда биркалар даяр болуп, 700 миңден ашуун мал каттоого алынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bazar
2016-04-15 00:22:03
Акылбек Жапаров "койлорго паспорт берилиш керек" дегенде күлүштү эле. Эми ошол тартипке акырындап өтөбүз
+1
Kroxa
2016-04-15 15:58:21
Элдин малы кобойуп байып кетти ашыгын алгылга салык салгыла эч жерден акча карыз чыкпай калдыго окмоттогулорду жылдын аягынан баштап элдин малы багат экен да,,,,,,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан