SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баланы бага алсаң төрө!" деген тема кызуу талкууланууда.
Автор 26-мартта Талас шаарында катталган үрөйдү учурган окуяны баяндап: "Мындан улам коомдо анонимдүү түрдө балдарды таштап кете турган жай ачылышы зарыл деген демилгелер көтөрүлдү. Сиздер кандай ойлойсуздар? Көрүнгөндөн төрөп, жетим балдардын санын көбөйтүп жүргөн кыздарды тыя албай жатабыз. Же ого бетер таштанды балдар көбөйүп кетеби?"- деп суроо салган.
Темада мындай пикирлер айтылууда:
"Мен колдойм, азыркы учурда таштап кеткендер толтура, баары аман калбай, минтип төрөлбөй жатып жашоо менен коштошуп кеткени канча?! "Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала" демекчи, атайын таштап кетчү жер болсо, бала аман калып, кийин башка үй-бүлө багып алып, бактысы ачылат".
"Балдардын да, кыздардын да мээсине кирбей койду, "сактануу керек" деген нерсе. Же бойго болтурбаш керек эле... Ушундай кыздарга да Кудай улам-улам бала берет, ошол эле учурда балага зар канчалаган үй-бүлөлөр жылдап дарыланып балалуу болбой келишет. Ачык болобу, анонимдүүбү, балдар кор болбогудай жайлар ачылса, албетте, соопчулук иш болот".
"Менимче, ачуунун кереги жок, анткени каалабаган баланы төрөй турган энеде "эмне болмок эле, тиги жакка таштап коём да" деген ой пайда болуп, энелик мээрим ойгонбой, жоопкерчилик жокко чыгат, намыс деген нерсе тепселенет. Чынында, балдар үйү дегендер деле иштейт да, ошол жакка алып барсын, ошончолукка жетип жатса. Болгону жолго таштап жаткан адамдар ал тууралуу билишпейт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.