Ош шаарына көчмө дельфинарий келип, 14-апрелде шаардагы эс алуучу жайлардын биринде расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышына шаардын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу жана бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты. Көчмө дельфинарий Ош шаарында бир ай болуп, шаар тургундары жана коноктору ак кит, деңиз мышыгы жана эки кара деңиз дельфининин катышуусундагы шоу-программаларга күбө боло алышат.
"Үч миң жылдык тарыхы бар Ош шаарына алгачкы жолу көчмө дельфинарий келди. Деңиз жандыктары шаар тургундарына эң жагымдуу маанай тартуулайт деп ишенем”,- деди вице-мэр.