Ош. Активисттер жана ыктыярчылар шаардагы бир нече көчөдөгү бак-дарактарды актап, ишембилик өткөрүштү

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери, активисттер жана ыктыярчылар көчөлөрдөгү бак-дарактарды актап, ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембилик Сулайман-Тоо жана Достук аймактык кеңештеринде жайгашкан Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүндө жүргүзүлдү.

“Шаардын тазалыгына кам көрүү ар бир жарандын колунда. Таза коомду куруу үчүн жаштар биргеликте шаарга кам көрүшүбүз керек. Андыктан өз эркибиз менен жаштардан команда түзүп, ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз”,- деди Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Сүйөрбек Аманиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admiral
2016-04-15 11:41:14
Азаматсынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан