Бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаарынын Бакаев, Ахунбаев көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 08:00дөн 17:00гө чейин “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК жогорку вольттогу 110/10 кВт "Айни" көмөк чордондорунда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул себепке байланыштуу аталган көчөлөрдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Түндүк электр” ААК жумуш учурундагы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.