Ушул жылдын май айынан баштап көгүлтүр от менен жүргөн автобустар иштей баштайт. Бул тууралуу шаар башчысы Албек Ибраимов шаардагы автотранспорттук мекемелердин абалы менен таанышуу учурунда айтканын мэриядан билдиришти.
А.Ибраимовдун айтымында, мэриянын балансында 455 автобус бар, анын ичинен 200 автобус жарабай калган. Шаардык мэрия автобус чыгарган заводдор менен ушул жылдын аягына чейин 118 коомдук унааны оңдоп берүү боюнча келишим түзүүдө.