SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндер, каткан акчаңар барбы?" деген тема талкууланып жатат. Темада төмөндөгүдөй пикирлер айтылууда:
"Жеңем жаңы келгенде энем акча берип жатып "кызым, бир колуң тууру болсун, бир колуң ууру болсун" деген эле, теманы окуп ошол сөз эске түштү".
"Катса эмне болуптур? Мага жолдошум өзү бир карточкасын берген, "ашкан акчаларыңды салып, өзүңө керекте" деп. Ошентсе деле кем-карчымды өзү алып берет. Мен карточкага салган акчаларыма кыздарыма кийим-кече, шейшеп, көзүмө жакшыраак көрүнгөн буюмдарды сатып алам".
"Бир эжекебиз "Аял кишинин өзүнчө жашыруун бюджети болуш керек. Ар кандай учурлар болот, бирде бар, бирде жок, ошондой учурда кереги тиет" деп айтты эле".
"Жолдошунун берген акчасын сарамжалдуу пайдаланып, ашканын "чёрный карманга" сактап, үйдүн, өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаганы туура эле көрүнүш. Бирок бул жолдошунан купуя түрдө эмес, ачык-айкын түрдө болсо жакшы. "Сен берген акчанын баарын иштетип койдум" дегенге караганда "акчадан бир аз ашты, аны керектөөлөрүбүзгө иштетип туралы" деп айтса, жолдошу да үнөмдүү, акылдуу келинчеги бар экенине кубанып калмак".
"Менин аяшымдын аялы айтып калды, "Чалым билбейт, он баркыт төшөк тиктирип, кебез салдырып каптатып, узга акча берип, төркүнүмө алып барып койдум. Үйүбүз бүтсө "апам жасап берди" деп айтам" деп. Анан абысынымдын "Агаңа айтсам макул болбоду, төркүнүмдө той болду эле, бекиткен акчама андай-мындай алып бардым. Апамдын туулган күнүнө шакек алып бердим" дегендерин угуп, мен да анча-мынча ката баштадым. Мурда тыйынына чейин эсептеп колуна карматчумун".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.