SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркек сойкулар барбы?" деген тема талкууланды.
Автордун мындай суроосуна көптөгөн ойлор айтылды:
"Эмне, эркек сойкуларды билбейсиңби? Эркектер да кыздар сыяктуу эле денелерин сатып иштешет, стриптиз бийлешет".
"Кызык го... Эркектер сойку болсо, күнүнө 10го жакын кардарын кантип тейлешет? Бир-экөөнү кандырышы мүмкүн, а калганына турбай койсо эмне кылат?"
"Алар атайын дарыларды ичишет, күчтүү тамактанышат".
"Эркек сойкуларды биздин бай, анан чоңдордун аялдары сатып алып кетишет. Билинбегени менен эркек сойкулар көп".
"Эркек сойкулардын бары деле жакшы болсо керек, күйөөсү жок аялдар үчүн. Кээде кыйналып калышса кимге бармак эле? Андан көрө чакырып, ишин бүтүрүп, акчасын берип, кетирип ийгени жакшы да".
"Мындай жумуш эң жаман да, кемпирлер деле келе беришет".
"Эркек сойкулар бар. Билинбей жүрө беришет. Азыркы альфонстор сойкуга киришпейби? Бишкекте андайлар көп. Карыган эжелердин акчасын алып, алардын үйүндө жашашат. Акысын түндө төлөшөт".
"Бизге жазып коюш оңой. Алар деле жыргаганынан ошол жолго барбагандыр".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.