SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ала качуу салтпы же кылмышпы?" деген тема талкууланды. Дегеле бул темага келгенде талаш-тартыш көп жаралат. Темада муну салт дегендер да, кылмыш деп караманча каршы чыккандар да болду.
"Ала качуу, албетте, кылмыш. Кыргыздын салтында ала качуу болгон эмес. Тагыраак айтканда, башкача формада болгон. Кыз-жигит бирин-бири жактырып калып, жигити кызынын колун анын ата-энесинен сураган учурда бербей койгондо кыздын макулдугу менен "уурдап" кетишкен. Кыскасы, ала качуу кыз-жигиттин макулдугу менен болгон. Азыр болсо көчөдөн көрүп эле уурдап кеткендер көп".
"Ала качуу илгери салт болгон. Аны кийин эле кылмыш деп чыга келишти. Ала качып жаткан учурда кыздын намысына шек келтирсе - бул кылмыш".
"Менимче, ала качуу эч кандай салт болгон эмес, ал айласыздыктан чыгуунун жолу болгон. "Кызды сурай албай уурдап алыптыр" деген сөздөргө калгандар да болгон. Ал эми башка элден да жылкы тийгенде атайын "олжо" кошо ала келишкен".
"Ала качып турмуш кургандардын көбүнүн жашоосу ажырашуу менен аяктап жатат".
"Чындык турат төбөбүздө, калп эмес,
Эптеп-септеп бүлө куруу шарт эмес.
Арта салып ыргыткандай улакты,
Ала качуу - келесоолук, салт эмес!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.