Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүнүн Чолпон-Ата көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылды (батыш тарабы). Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда Ауэзов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки аралык (түштүк тарабы) жабык. Бул тарапта арыктар даярдалып, тротуар коюлмакчы.