SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Заман өзгөрдүбү же адамдарбы?" деген тема талкууга алынды.
Темада автор мындай суроо салган: "Урматтуу форумчулар, заман өзгөрдүбү же адам өзгөрдүбү? Кээ бирөө замандын өзгөрүүсүнө адамды күнөөлөсө, кээ бирөө адамдын өзгөргөнүн заманга шылташат. Буга ким күнөөлүү?"
Темадагы жооптордон:
"Заман өзүнүн агымы менен агып жатат. Ошол эле секунда, ошол эле мүнөт. Адам баласы бир секунда дагы ойлонбой тура албайт. Ойлонуп, жакшы жашоо үчүн ар нерсени ойлоп таап жатат".
"Заманга жараша адамдар өзгөрдү, адамга жараша заман өзгөрдү. Биринчи адам баласы өзгөрдү, адам баласы өзү бузулуп, анан заманга шылтап коймой адатыбыз бар".
"Адам өзгөрбөсө заман кантип өзгөрмөк эле? Заман деген жаны жок нерсе. Анын өзгөрүүсүнө жандуу нерселер себепкер болушат. Ууру адамдар көбөйсө уурулар заманы, тууралар көбөйсө тууралар заманы, сойкулар көбөйсө сойкулар заманы болот. Эч ким уурдабаса, пара албаса, сойкулук кылбаса, ичкилик ичпесе, заман кантип бузулмак эле?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.