ЭЛДИК ВИДЕО: Эркин Рыскулбеков жашоонун канчалык баалуу экенин көзү байланганда айтты

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Эркин Рыскулбеков жашоонун канчалык баалуу экенин көзү байланганда айтты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: M89).

"Колдо бар алтындын баркы жок" демекчи, көпчүлүк адамдар "бутум кыйшык, көзүм бүтүк" деп болбогон нерселерге нааразы болуп, ал эле эмес, болбогон уруш үчүн кээде өлүм менен коркутканга чейин баргандар бар. Видеодон жашоонун канчалык таттуу экенин, алты саныңдын амандыгына шүгүр кылып жашоо керектигин алып баруучу Эркин Рыскулбековдун башынан өткөргөн эксперименти аркылуу сезүүгө болот.

Видеодо Эркин Рыскулбековдун көзү таңылып, көчөдө, коомдук жайларда ошол абалында жүргөнгө аракет кылат. Анын артынан күндүн нурун, айлана-чөйрөнү, ал гана эмес, жакшы көргөн жакын адамын көрө албай жүргөн көзү азиз адамдардын жашоосун жон тери менен сезет. Көзүнүн таңуусун чечкенде "мындан кийин эч качан нааразы болбоймун, азыр дароо апама телефон чалып, рахматымды айтам" деп көзүнө жаш тегеренет.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alina1984
2016-04-15 16:03:35
Кылаарга иши жок,салаарга кушу жок ушулардыкы отту
-5
nalukg
2016-04-15 17:40:11
Туура жашообузга шугур кылышыбыз к.к. коз барибир тойбойт. Эн жакшы эксперимент откорушуптур бали азаматтар. Наалый бербей биразда жашоого башка коз караш менен карап королу ошондо мурдундун астында эмнелер бар екенин коробилесин...
+4
gulmira96
2016-04-15 17:47:47
nalukg, туура соз!
+2
hadidja83
2016-04-15 22:01:42
Аллахка чексиз мактоолор болсун.Аллахтын бергендерине наалыбай шугур кылып жашашыбыз керек.
+3
Bars111
2016-04-16 02:31:25
Унутпаңыз!

Эч качан жашап жаткан жашоонуздан наалыбаныз.
Ушу Сиз наалып жашап жаткан
жашооңуз, кимдердин да арзуусу..
+4
gumaomar
2016-04-16 11:29:09
козум байланбайэле жашоога ыразымын, шукур аллага
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан