Жогорку окуу жайлар студенттердин окуу үчүн жылдык келишим акыларын өздөрү аныктай турганын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева маалымат жыйынында билдирди. Сариева эми жогорку окуу жайга студенттерди тартуу үчүн билим берүү мекемелери өздөрү кызыкдар боло турганын айтты. Эгерде мурда контракттык сумманы Мамлекеттик антимонополия агенттиги чечип келсе, эми буларды ЖОЖдор өздөрү жөнгө сала алышат.
Министрлик мындан ары контракттын минималдуу суммасын сунуштап, жөнгө салат. Учурда эң аз сумма 23,6 миң сомду түзүүдө.