Сузак районунун тургуну сибирь жарасына кабылганы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйдүргү (сибирь жарасы) дартына чалдыккан бейтап катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 1-апрелде Кызыл-Туу аймагынын Шатырак айылынын 37 жаштагы тургуну аталган ооруга кабылган делип Сузак райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилген. 14-апрелде жүргүзүлгөн атайын текшерүүлөрдүн натыйжасында бейтаптын күйдүргү дартына чалдыкканы аныкталды. Учурда ага тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Медицина кызматкерлери бейтап менен байланышкан бардык адамдарды текшерүүгө алышып, профилактикалык иштерин жүргүзүп жатышканы маалыматта айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dasta
2016-04-15 17:37:02
Аллахым озу сактасын
+2
dasta
2016-04-15 17:37:19
Есен аман айыгып кетсин
+1
kaky85
2016-04-15 17:51:30
Ии жакшы болуп кетсин батыраак.Биздин айылдан экен тынч болгула айылдаштар.
+1
Rifle_3
2016-04-15 23:40:43
Кантип жугузду экен ?
0
Aidowi
2016-04-16 01:27:43
Малдан жугат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан