Республикада 18-23-апрель аралыгында Дүйнөлүк китеп жумалыгы өтөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай иш-чаранын максаты - кыргыз жеринде китепке болгон кызыгууну арттыруу. Адистердин акыркы изилдөөлөрүнө таянсак, ата-энелердин 10 пайызы гана мектеп жашына чейинки балдарына такай китеп окуп берсе, 50 пайызы такыр окуу куралынан алыс.
Иш-чаранын алкагында Касымалы Баялинов атындагы китепканада “Китеп кербени” өтөт. Мында концерт, Куурчак театрынын өнөрпоздору таланттарын тартуулашат. Ошондой эле жумалыктын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган "Жылдын мыкты китеби" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат.