18-апрелден 22-апрелге чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 16-апрелде Кыргыз Республикасында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. 17-апрелде ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. 18-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. 19-20-апрелде мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт.