СУПЕРСТАН: "Темпераменттүү эркектерди сыртынан билүүгө болобу?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Темпераменттүү эркектерди сыртынан билүүгө болобу?" деген тема талкууланды.

Темада автордун "Айрымдар сыртынан карап эле эркектердин кандай экенин билип алышат. Анан айтып калышат, "бул мындай, тиги тигиндей" деп. Мырзалардын кайсы белгилерине карап темпераментин байкаса болот?" деген суроосуна төмөндөгүдөй пикирлер айтылган:

"Эгерде маңдай чачы түшүп, таз боло баштаса, бул сексуалдык жактан абдан күчтүү эркек дегенди билдирет. Колдору, төштөрү түктүү болсо, ортоңку манжасы жоон болсо, ал дагы темпераменттүү".

"Сыртынан жооштордун ичи жоон, башкача айтканда, жооштон жоон чыгат дегендей".

"Жок дегенде өбүшүп көрүш керек, темпераменттүүлүгүн билиш үчүн".

"Балдардын темпераменттүүсүн карап туруп эле билип койсо болот. Дегеним, өзүн алып жүрүүсү, пикир айтканы жана башка психологиялык жактары көп. Буга көп эле факторлор таасир этет. Ортончу манжанын жоон-ичкеси таасир этерин билбептирмин, бирок чачы эрте түшө баштаса, бирок өзү түктүү болсо, бул организмде тестостерондун (эркекке тиешелүү гормон) көптүгүн далилдейт".

"Көздөрүнөн билинет, ойноктоп турат го тим эле. Мурду чоң болсо, ошолор да темпераменттүү болушат".

"Менимче, билүүгө болбойт, кээде сыртынан өзүнчө эле мачо көрүнгөн мырза төшөккө келгенде "нөл" болуп чыга келиши мүмкүн, шалпыйган бир ботаник болсо, тескерисинче..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umar080814
2016-04-16 16:42:56
Маңдай чачы түшүп түктүү буттар кандай болот анда.
+1
lolo.1
2016-04-16 20:31:12
Менин оюмча эркектин баары эле темпераментту
0
daiyrbek18
2016-04-17 12:23:22
Э туугандар озу темперамент деген создун маанисине жетип анан жазсанар оозго келгенди оттой бербей. Сразу эле тошоко такабай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан