SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Мааниси бар жакшы видео" деген аталыштагы видео жүктөлгөн (ник: Rich_girl).
Адамзатта, кыргыздарда да түгөнбөгөн, аягы тыйылбаган бөлүнүүчүлүк сезимдери кеңири жайылган. Айрыкча бизде трайбализмдин өтө өрчүгөнүн байкасак да, тыя албай келебиз.
Видеодо учакка отурган жүргүнчү ак терилүү аял кара терилүү адам менен чогуу отуруп калып, стюардессадан "мага башка жактан орун таап бериңиз, мен кара терилүү адам менен чогуу отуруп кетүүнү каалабайм" дейт. Стюардесса келип, кара терини чанган аялды эмес, мырзаны жакшы орундукка чакырат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.