ЭЛДИК ВИДЕО: Дүйнөдөгү адамдарды "жуткан" табышмактуу жерлер

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "5 табышмактуу жер" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: filmgoers).

Жаратылыштын ар кандай таң калтырган кубулуштары көп. Бул видеодо ошолордун бир нечеси саналган. Алардын бири Тынч океандагы "Ажыдаардын үч бурчтугу" деп аталган жер. Бул жерде табышмактуу жоголуулар болгон. 1952-жылы япониялык бийлик изилдөөчүлөр тобун Ажыдаардын үч бурчтугунун сырларын изилдөөгө жиберген, бирок ал 32 адамды кемеси менен ошол боюнча эч ким көргөн эмес. Дагы бир табышмактуу жер Орусиянын Краснояр крайында жайгашкан "Чёртово кладбище" деп аталган жер. Бул жердеги аномалия метеорит түшкөндөн кийин пайда болгону айтылып жүрөт. Мында көптөгөн жаныбарлар өзүнөн өзү өлүп, сөөктөрү калган. Изилдөөчүлөр барганда компастарынын багыттагычтары бузулуп, түшүнүксүз жагдайлар орун алган. Бул көрүстөндө аз дегенде 70тей адам каза болгон.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан