Токмок шаарында “Улуттар арасындагы ынтымак” деген аталышта тегерек стол болуп өттү

Токмок шаарынын мэриясында кечээ, 15-апрелде “Улуттар арасындагы ынтымак” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттарды ынтымакка чакырган тегерек столдун алкагында ынтымак жана биримдүүлүк тууралуу баяндамалар айтылды. Андан сырткары иш-чаранын катышуучулары өлкөнүн келечеги, жаштардын билимдүүлүгү жана улут, уруу ортосундагы достукту бекемдеген накыл кептерди ортого салышып, ар кандай чагымчылдыктан оолак болууга чакырышты.

Иш-чарага Токмок шаарынын башкы имамы Муржан ажы Касымов жана башка имамдар, шаар мэри, аппарат жетекчиси, ардагерлер төрөгасы жана аймактык тескөөчүлөр катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан