Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

2016-жылдын 16-апрелинде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-250-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдары жана Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 70-80-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми 18-апрелден 22-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Labadax
2016-04-16 12:24:24
Эртен менен жер титиреди го кыйла эле Кадамжай тарапта, канча балл очогу кай жерде экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан