Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
17-апрелден 19-апрелге чейин абанын жылуу температурасынын сакталышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-250-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдарында жана Жалал-Абад облусундагы Каныш-Кыя - Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-85-чакырымдарында кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылынын чектелүүсү зарыл.