16-апрелде Чүй облусунун Новопокровка айылындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө "Эл аралык терроризмдин өлкөнүн коопсуздугуна келтирген коркунучу" аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, семинарга муфтий Максатбек ажы Токтомушев, "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын курамдары катышышты. Семинардын алкагында ислам дини, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, Сирия мамлекетиндеги жаңжал, ыйман, биримдүүлүк туурасындагы маселелер каралды.
"Терроризмдин ислам динине эч бир байланышы жок. Ислам кан төгүүгө уруксат бербейт. Учурда "жихад" деген сөздү туура эмес багытка колдонушууда. Биздин мамлекетте 13 кылымдан бери келе жаткан толеранттуу ханафий мазхабы жайылууда. Биздин максатыбыз - мамлекетибизге туура динди жеткирүү. Биз азыр ыйманга муктажбыз",- деди муфтий семинардын жүрүшүндө.
Семинар суроо-жооп менен коштолуп, муфтий ар бир суроого так маалымат берип өттү.