Кыргыз жеринде төрөтканаларда “бэби-бокс” же таштанды ымыркайлар үчүн атайын контейнер орнотуу пландалууда. Бул аргасыздан келип чыккан чечим экенин КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы убактарда наристелердин өз энеси тарабынан дааратканага ыргытылып же итке талануу фактылары көбөйүүдө. Ошондуктан министрлик тарабынан жеке жана мамлекеттик төрөтканаларда атайын таштанды наристелерге кутулар орнотулат. Мында баланы каалабаган эне ымыркайды анонимдүү түрдө кутуга калтырып кете алат. Мындай чечим ымыркайлардын өлүмүн азайтуу максатында уюштурулмакчы.