16-апрелде Москва шаарында Манастын эстелиги жайгашкан "Достук" сейил багында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү ишембилик өткөрүштү. Ишембилик КРнын Орусиядагы элчилигинин, Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү тарабынан уюштурулду.
Элчиликтен кабарлашкандай, ишембилик 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жолу Манастын эстелигинин айланасын таштандыдан арылтууга, иретке келтирүүгө 200дөй кыргыз жараны катышты.