Япониянын Кумамото шаарында жер титирөө дагы болушу мүмкүн деген негизде аталган өлкөдөгү элчилик төрт кыргыз жаранын 17-апрелде эвакуациялады. Учурда алар элчиликтин имаратында турушат. Тышкы иштер министрлигинен 18-апрелде кабарлашкандай, экөө жаш балдар.
Ал эми жер титирөөдөн анча катуу жабыр тартпаган Оита аймагында дагы 20дай кыргыз жараны бар. Алардын көпчүлүгү гранттык негизде билим алып жаткан мамлекеттик кызматкерлер. Куткаруу тобу кыргыз жарандарын коопсуз жайга көчүрүп, абал турукташкандан кийин кайра өз үйлөрүнө алып келишкен.
Эскерте кетсек, Япониянын түштүк-батыш тарабындагы Кюсю аралында жайгашкан Кумамото шаарында 14-апрелде 7, 16-апрелде 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 42ге жетти. Имараттар кыйроого учурап, 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кээ бир кыйроолор тилкесинде өрт токтобой жаткандыгынан улам газ берүү токтотулуп, электр жарыгы өчүрүлгөн.