СУПЕРСТАН: "Коррупция Кыргызстандын экономикасына коркунуч келтирип, өнүгүүгө кедергисин тийгизүүдө"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Паракорлукту кантип жойсо болот?" деген тема талкууланды.

Темада автордун "Достор, коррупцияны кантип жойсо болот?" деген суроосуна төмөндөгү жооптор жазылган:

"Билим берүү системинде коррупция кеңири тараган, себеби мугалимдердин айлыгы аз. Түрк лицейлеринде коррупция барбы? Кыргызстандагы чет мамлекеттин жогорку окуу жайларында коррупциянын аз экени айтылган. Айлыктары үй-бүлөсүн багууга, башкага жете турган болсо паракорлукка барбайт. Демек, айлык акыларды көбөйтүү керек".

"Кыргызстанда коррупцияга каршы туруу, аны ичтен азыктандырган шарт-жагдайларды жок кылуунун зарылдыгы тууралуу өтө эле көп айтылат. Ага карабастан өлкө абдан коррупциялашкан мамлекеттердин катарынан түшө элек. Антип азаят деген коррупциянын кайра арбып жатканы көптөрдү түйшөлтүүдө. Анын натыйжасы бара-бара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирип, ыкчам өнүгүүгө кедергисин тийгизип жатат".

"Мен ушу коррупцияны жоготот дегенге ишенбейм. "Коррупция жоголду" деген сөз - бул "кыргыз эли өзүнүн муундан-муунга өтүп келаткан, канындагы бир менчик сапаттарынын бирин жоготуу" деген сөз болуш керек".

"Коррупцияны жок кылуу үчүн коом тазарыш керек, муун алмашыш керек, жаңы мыйзамдар иштелип чыгыш керек, ошондо кичине жылыш болот. Коррупцияны түп-тамыры менен жок кылууга болбойт. Анткени адам коом өнүккөн сайын адамдын коомго болгон көз артуусу, кызыгуусу күчөй берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ady-88
2016-04-18 15:24:59
Коррупция Кыргызстанда жоголсо анда болбой калатго туугандар.Анда биздин чиновниктер арыктап кетпейби. Кызык эле тема ача бересинерда.
+3
jeep9504
2016-04-18 16:32:30
кыргызчылык- эмнеге ушу создорду кобунчо жаман нерсеге колдонобуз? кобун эсе угуп калам пара берип чыккандарын кыргызчылык кыдыр эле чечишип алыптыр деп, анда эмнеге жакшы кыргызчылык адатыбыздан албайбыз мурунку хандыктарабызда паракоорчулука каттуу жаза болуп келген , буд пара бериш кыргызчылыка жатрайт туугандарым
+1
kinsion
2016-04-18 16:50:19
паракорчулукту кандай жок кылганды мен билемин
-3
nuke1988
2016-04-18 21:06:10
Биздин экономиканы 120 ХХХ жок кылып атат эл озун озу багып атат. Бири келип 1 жыл тойгуча отурат экинчи ХХХ ХХХ келет биринчиси тойгондо
0
admin_portal
2016-04-19 09:51:55
nuke1988, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан