СУПЕРСТАН: "Күндө кумиримдин ырын укпай калсам, дозасын албай калган баңгиге окшоп калам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Фанатсыңбы? Кумириң үчүн эмнеге даярсың?" деген тема талкууланды.

Автор темада "Белгилүү бир инсанды кумир тутуу жана ал үчүн ойго келбес иштерди кылуу туура көрүнүшпү? Өзүңөрдү кандайдыр бир деңгээлде күйөрманбыз деп ойлойсуңарбы?" деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Фанатизм - бул оору. Айрыкча азыркы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн күйөрмандары чектен чыгып кетишет. Бир жылы кызыл килемден өтө турган ырчылар машинадан араң түшүп жатышса, фанаттар тытмалашып, жол бербей жагымсыз көрүнүш болгон. Концертке барсаң ыр укпай эле, кыздардын кыйкырык, ызы-чуусун угуп келесиң".

"Фанат - бул оорукчан адам, бирок бул көрүнүштүн пайдалуу жактары деле бар. Мисалы, ал каарман жөнүндө бүтүндөй маалыматка ээсиң. Бир кезде мен деле Витастын ырдаганын жата калып көрчүмүн, аны жакшы көрүп, күндө Кудайымдай сыйынчумун. Бирок мунун баары убактылуу, кээде ошол күндөрдү эстеп күлүп алам".

"Мен бир түштүк кореялык ырчынын ашынган фанатымын. Анын бүт ырлары, клиптери, фото-сүрөттөрү, маалыматтары бар. Кайда барып жатканын, ким менен жолукканын, эмне жеп-ичкенинен бери түрдүү сайттардан окуп турам. Уюлдук телефон жана компьютердин иш столу да аны менен бат-баттан кооздолуп турат. Күндө анын үнүн, тагыраагы, ырын укпай калсам, дозасын албай калган баңгиге окшошуп калам. Сүрөтүн көрсөм эле сүрдөп, толкунданып отура берем".

"Футболго кызыккандар катуу оорушат. Мен бир жаш эле баланы көрдүм. "Челси" деген команданы кумир тутат экен. Аны менен футбол көрүп калсаң, футбол көрбөй эле ошону карап отургуң келет. Бийлеп жиберет же ордунан кыйкырып тура калат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azumi32
2016-04-18 18:56:29
Тан калуунун да кереги жок))
0
A3A
2016-04-18 19:03:30
Кудай сакта, бул обу жоктук деп ойлойм
0
nargis
2016-04-18 20:38:39
Ушу фанат дегендер эч жакпайт чын эле фанатизим оору окшойт .
+1
Umar080814
2016-04-18 20:46:07
Фанат санаты менен жерге кирсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан