Баш калаанын түштүк-батыш аймагындагы 300 гектар аянтты ээлеген көрүстөн дагы 30 гектарга кеңеймекчи. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимов Бишкек шаардык сөөк көмүү боюнча агенттигинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда билдирди.
Калаа башчысы муниципалдык ишканаларды текшерүүсүн улантып, мекеменин жамааты менен жолукту. Жолугушууда Бишкек мэри Албек Ибраимов: “Мага аталган агенттиктин түшкөн кирешеси канчалык түрдө өзүн актайт жана жеке ишканаларга атаандаш боло алабы, ушул көйгөйлөр маанилүү”,- деди.
Маалыматка ылайык, бул агенттикте 70 адам иштейт. Жыл сайын ишкана 1,5 миң сөөктү жерге берип, бардык тийиштүү аза кызматын көрсөтүп келет.