Кыргыз жоокерлеринин дареметин байкоого багытталган "Аскер шумкарлары-2016" мелдеши старт алды

18-апрелде Бишкектеги 23565-аскер бөлүгүнүн базасында "Аскер шумкарлары-2016" мелдеши старт алды. Мелдеште КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жаш учуу-көтөрүлүү курамынын арасында "Экипаждын мыкты командири", "Мыкты учкуч-штурмалоочу" жана "Ми-8МТВ тик учагынын мыкты борт механиги" деген наамдар ортого коюлган.

Башкы штабдан кабарлашкандай, биринчиликтин жүрүшүндө катышуучулар тик учактык техниканы эксплуатациялоо, учуу, жердеги буталарды атууда авиациялык атуучу каражаттарды колдонуу боюнча өздөрүнүн билгендерин, тажрыйбаларын көрсөтүшөт. Ошондой эле тоолуу аймакта аба кемесин кондурууда авариялык кооптуу абал түзүлгөндө шашылыш чыгып кетүү учурундагы экипаждын аракеттери иштелип чыгат.

"Аскер шумкарлары" мелдеши ушул жылдын 29-апрелинде жеңүүчүлөрдүн акчалай жана баалуу сыйлыктарды алуусу менен аяктайт. Белгилей кетсек, мындай таймаш өлкөбүздүн аймагында биринчи ирет өткөрүлүп, республиканын аскер-аба компонентинин өздүк курамынын учуу жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
cholponka91
2016-04-20 13:43:10
каяктыкы Бишкекпи же Ошпу
0
admin_portal
2016-04-20 14:01:18
cholponka91, саламатсызбы!
Маалымат толукталды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан