Дарыгерлердин шалаакылыгынан бир эмчеги кесилген Гүлзина Байтаевага дарыгер кийинки операцияны бекер жасоону убада кылды
Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам бир эмчеги жаңылыш кесилген Гүлзина Байтаевага кезектеги операцияны КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекер жасайт. Бул тууралуу маалыматты Улуттук онкологиялык борбордон тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бул үчүн Гүлзина тиешелүү анализдерди тапшырууга тийиш.
Гүлзина билдиргендей, Улуттук онкологиялык борбордун башкы дарыгери Бакыт Шаимбетов кийинки операцияны өзү жасоону убада кылган. Бирок, муну көп убакыттан бери ишке ашыра элек.
Кошумчалай кетсек, жаңылыш операция 2014-жылдын 6-июнунда болгон. Операциянын курмандыгы буга Улуттук онкология борборунун хирургу Зинаида Карабекованы күнөөлөп келет. "Мага УЗИнин жыйынтыгы боюнча болжол менен "эмчек шишиги " деген диагноз коюлган. Хирург шишикти 7 мүнөт текшерүүгө алып, эгер диагноз туура эмес болсо, эмчегимди кайра тигип койсо болмок. Бирок хирург аны алып салган",- деген эле ал.
Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан соң КРнын Президентинин аппараты бул ишти калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштаган.
Гүлзинанын айтымында, бул жаңылыш операцияны жасаган Зинаида Карабековага кылмыш иши козголгону айтылган, бирок учурда ал тергөө ишинен дайын жок.