"Эмчегимди калыбына келтирүүдө белден эт алып, анан жасалма эмчек орнотуу керек экен",- дейт Гүлзина Байтаева. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Эми кароодон өтө баштайм. Жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Бирок калыпка келтирүүдө да, укук коргоо органдарынан адилеттүүлүктү талап кылууда да акырына чейин турам. Арыз менен күч органдарына кайрылганда алардын иш-аракеттери туура эмес экендиги аныкталып, бирок дарыгерге карата эч кандай чара көрүлбөй келүүдө. Зинаида Карабекова Улуттук онкология борборунда, ордунда эле иштеп жатат. Мага окшогон дагы канча бейтаптын ден соолугун бузуп, жашоосуна балта чабат... Мен ошого кабатырланам",- деди 27 жаштагы Гүлзина.
Кошумчалай кетсек, жаңылыш операция 2014-жылдын 6-июнунда болгон. Операциянын курмандыгы буга Улуттук онкология борборунун хирургу Зинаида Карабекованы күнөөлөп келет. "Мага УЗИнин жыйынтыгы боюнча болжол менен "эмчек шишиги" деген диагноз коюлган. Хирург шишикти 7 мүнөт текшерүүгө алып, эгер диагноз туура эмес болсо, эмчегимди кайра тигип койсо болмок. Бирок хирург аны алып салган",- деген эле ал.
Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан соң КРнын Президентинин аппараты бул ишти калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштаган.
Гүлзинанын айтымында, бул жаңылыш операцияны жасаган Зинаида Карабековага кылмыш иши козголгону айтылган, бирок учурда ал тергөө ишинен дайын жок.