СУПЕРСТАН: "Мажбурлап, алдап, "сыйкырлап" сүйдүргөндүн баары убактылуу, өзүн өзү алдоо"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бирөөнү сүйдүрүү оңойбу же сүйүп калуубу?" деген тема талкууланды.

"Айткылачы, кыздар, жигиттер, бирөөнү сүйүү оңойбу же сүйдүрүүбү? Көбүнчө эркектер ойлошот экен, "кыздарга гүл-пүл берип, киного алып барып, жылуу сөздөрдү айтып койсоң эле башы айланып калат" деп. Ошол чынбы?" деген автордун суроосуна мындай пикирлер айтылды:

"Мен үчүн сүйүп калуу кыйын, сүйдүрүп алуу оңой. Кээде өзүм дагы байкабай калам".

"Сүйүп калуу оңой да. Сүйдүрүп алуу кыйын. Кырдаалга жараша болушу да мүмкүн, жактырган адамыңдын сенде көңүлү бар болсо, сүйдүрүп алуу деле оңой. Баары бир сүйүп калуу оңой деп ойлойм".

"Сүйүү өтө татаал нерсе, силер айтып жаткандай оңой эмес, сүйүп калуу да, сүйдүрүп алуу да кыйын".

"Сүйүүнүн да, сүйдүрүп алуунун да жолун тапса болот. Адамдын колунан келбеген эч нерсе жок".

"Сүйүп калуу оңой. Мажбурлап, алдап, "сыйкырлап" (көзү ачыктарга каттап) сүйдүргөндүн баары убактылуу, өзүн өзү алдоо. Өзүңдүн жүрөгүңө буйрук берип, акылың тандаган адамды сүйдүрө албайсың, анан кантип бирөөнүн жүрөгүн башкарат элең?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2016-04-19 13:35:45
Жуз пайыз сууйдуруп берем дегенине тан каласын
+1
nargis
2016-04-19 21:48:31
Андай болсо бир коруп суйуп калганды эмне дейбиз.Мен бир коруп суйууго кабылгам жолдошум да мени бир эле коруп уйлонгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан