МЕДИА-ПОРТАЛ: “Бакытка” клибин тарткандан кийин жол кырсыгына кабылып, бул сыяктуу клиптерди тартпайм деп өзүмө сөз бергем" дейт KG Эльмурат

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү сүйүү темасындагы кайгы-муңдуу клиптердин бири - KG Эльмураттын “Бакытка” аттуу ырынын клиби. "Бул клипти тарткан соң мындан кийин бул сыяктуу ыр ырдап же клип тартпайм деп өзүмө сөз бергем",- дейт ырчы өзүнүн клиби тууралуу.

“Бакытка” деген ырымдын клибин 2007-жылдын ноябрь айында тартканбыз. Негизи, "адам баласы эмнени тилесе, ошол орундалат" деген кыргызымдын сөзү бар эмеспи, мен ушул сөздүн маанисин бул клиптен кийин түшүндүм десем болот. Себеби клипте абдан берилип роль жараткандыктанбы, айтор, тартып бүткөндөн кийин көп өтпөй жол кырсыгына учурагам. Ошондон кийин туугандарыма да, өзүмө да мындан ары буга окшогон клип тартпоого убада бергем. Улуу муундагы ырчы ага- эжелерибиз бул өңдүү клип тарткандан кийин кан чыгарып, куран окутуп коюш керек экенин айтышты. Биз жаштык кылып, армандуу сүйүүнү чагылдырган клип тартууну эле көздөгөн экенбиз деген ойдо калдым.

Жол кырсыгына кабылган унааны табуу бизге кыйынчылык жараткан. Аны Өзгөн районундагы айып пул төлөөчү жайдан таап, сырттагы аба ырайынын сууктугуна карабай кыздын ролун жаратып берген ырчы кыз Мээри Шакулинаны бир саат жамгыр астында кармап, үшүтүп, оорутуп алганбыз”,- дейт KG Эльмурат.

KG Эльмураттын аткаруусундагы “Бакытка” ырынын клибин бул жактан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан