"Кинозал" бөлүмүндөгү комедия жанрындагы тасмалардын катарын “Султан Сулайман” тасмасы толуктайт. Тасманын атын коюуда жаңылып калгандыгы тууралуу продюсер Нурлан Мамакеев айтты.
“Тасма 2014-жылы жай айында тартылган. Аны "Султан Сулайман" деп атап жаңылыштык кылыптырбыз. Көрөрмандар интернеттен да, кинотеатрлардан да жакшы көрүштү, бирок эмнегедир "сериал катары тартылган болуш керек" деген ойлор болгон экен. Эгерде тасманын атын туура койгонубузда, экинчи бөлүмүн да тартмак экенбиз деп өкүнүп калабыз.
Тасманы тартуудагы негизги кыйынчылык катары башкы каарманыбыз Айкөл Аликжанова ошол маалда ири компаниялардын биринде иштегенине байланыштуу ал бошогондо гана тартып, көп убактыбыз кетип калганын айтсак болот. Сценарийди жазганда балдар “сизди эпизодго коштук, бир роль жаратасыз” деп айтышты эле, акырына чейин ойноп салдым окшойт. Эми мени "өкүл ата" деп таанып калышты”,- дейт Нурлан Мамакеев.
"Султан Сулайман" тасмасын бул жактан көрсөңүздөр болот.