Бишкек мэриясы шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери боюнча тариф саясатын кайра карап чыкмай болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов “Бишкек лифт” ишканасынын жетекчилиги менен өткөргөн жыйында каралган. Иш-чарада мэр лифттерди жаңылоого тургундар өздөрү да тиешелүү суммада акча чыгаруусу керек экенин айтты.
Бишкек үчүн лифт маселеси өзгөчө көйгөй. Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабаттуу имараттарда жалпысынан 2,5 миңдей лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкек лифт", калгандарын "Кыргыз лифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу 5-6 жеке фирма тейлейт. "Бишкек лифт" ишканасына караган лифттердин 70 пайызынын эскилиги жеткен. Ай сайын лифтке түшкөнү үчүн ар бир тургун орточо эсеп менен 20 сомдой акы төлөйт.