Бишкектин түндүк-батыш аймагында 4 күн көгүлтүр от болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы кабарлайт. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-22-апрель күндөрү Курманжан датка, Проскуряков көчөлөрүндө, 20-23-апрелге чейин Дэн Сяопин, Барпы Алыкулов, Абакан жана Киров көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт.
Бул өчүрүүлөр оңдоп-түзөө жана пландык иштеринин алкагында болуп жатат.