СУПЕРСТАН: "Бирөөнүн муздаткычын ачып караган адамдарды жыга чапкым келет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жыга чапкым келет!" деген аталышта тема ачылып, жашоодогу айрымдардын орунсуз иштери талкууга алынууда.

Темадагы кызыктуу билдирүүлөрдөн:

"Бүгүн бирөөгө күчүм жеткенде жыга чабат элем. "Кыз издеп жүрөм, тааныштырбайсыңбы, үйлөнөм" дейт. Кандай кыз издеп жүргөнүн сурасам "окуган, эки тил билген кыз болсун" дейт. Каткырып күлдүм го токтоно албай. "Биринчи өзүңүз кыргыз тилин жакшыраак билип алыңызчы" десем чычалап кетти. Ушунчалык бир ургум келди дейсиң..."

"Бир нерсе жасап жатсаң акыл үйрөткөндөрдү жыга чапкым келет, өзүнөн сурасаң балээни да билбейт".

"Биринчи башкача сүйлөп, анан эле айнып кеткендерди жыга чапкым келет да, бирок андайга күчүм дагы, "духум" дагы жетпейт".

"Маршруткага улуулар түшкөндө телефонун чукумуш болуп отуруп алгандарды жаткыра чапсаң".

"Эки киши сүйлөшүп жатса ортосунан чыга калып бөлүп, анысы аз келгенсип кечке сөз бербей талашып сүйлөгөндөрдү жыга чапсаң" .

"Бирөөнүн муздаткычын ачып караган адамдарды жыга чапкым келет, ал жакта эмне жоготту десең..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Medina87
2016-04-19 19:28:35
Эххеей,жыга чапкым келгенди жыга чаба берсем озум калам го соксоююююп....
0
Aidowi
2016-04-19 20:18:19
Байкуш Екатеринбургдагы Айганыш да бироонун холодилнигинен тамак уурдап жеп таяк жечу экен.Адамдар пейилди кенен кылгылачы.Тамакка ичи тар адамды жыга чапкым келет.
+3
barsbegKG
2016-04-19 23:39:10
Aidowi,Бул албетте майда нерсе! Тамак ал акча, ал акча сенин эмгегин. Екатеринбургда болсо жыргап журот экен да анда? Сен бироодон 10сом алсан да, 100сом алсан да кайра беришин керек
+1
Pandora
2016-04-20 01:38:14
Aidowi,Албетте канын кайнайт,озуно атап алып келип апетит менен жейм деп карасан жок болсо.Жондон жон эч ким бироого 1 сом бербейт,оол тамакты,акчага алып келесин.
Айганышка келсек жанагы кыйын болуп бала каратып жаткан ажаан эжеси кекиртегин кампайтып койуш керек эле.Жаш бала ар нерсени жегиси келет.
+1
Shekeev969798
2016-04-19 20:49:56
Мен суйгон кызды бир бала менен коруп калды эле жиним келип кетип аткам коруп калып сразу тартып ийипмин ачууга алдырып ал анын иниси экенин кийин килип атпаймынбы анан кечирим сурагам айла жок
0
ruslankg
2016-04-19 20:57:44
Shekeev969798,катырып жазыпсынго жанылмачка окшотуп)))
+7
Maks_shop
2016-04-19 22:25:39
Бул прямо айтканда ичи тарлык
-1
Kroxa
2016-04-19 23:27:38
Ордуна ээ болоалбагандарды Жыга чапса Ушуп суйлогондорду....
0
Pandora
2016-04-20 01:34:25
Жумушта бир кыз бар начальница келгенде эле козун шректин мышыгына окшотуп,ням-ням болуп калат да озуну байкуш корсотуп,потхалимчиликти "100"кылып.Ошол убакта жыгаа,жыгааа чапкым келет.
+2
Siren90
2016-04-20 18:40:15
Екатеринбургдагы эмне болгон Айганыш, маалыматты кайдан окусам болот?
0
admin_portal
2016-04-21 10:56:08
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан