Баткенде кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу жер алдынан өткөн тоннель боюнча жаңы маалыматтар белгилүү болду

Өзбекстандын аймагынан кыргыз өлкөсүнүн аймагына жер алдынан өтчү тоннель боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бул тоннелдин кире бериши Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жергиликтүү тургундун короосунан табылды, тоннелдин узундугу болжол менен 110 метр. "Укук коргоо органдары Чек ара кызматы менен биргеликте тергөө иштерин улантууда",- дешти Чек ара кызматынан.

Айта кетсек, аталган тоннелди өзбек тарап өз аймагынан таап, 2016-жылдын 25-мартында эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусунда кыргыз тарапка билдирген эле. Тоннель аткезчилик үчүн даярдалганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Venera.2787
2016-04-19 22:40:57
Аткезчилик деген эмне?
0
Dadasdasd
2016-04-19 23:13:55
Venera.2787,kontrabanda
+1
gulkar
2016-04-19 22:48:07
Ким? Качан? Эмнеге? казылган деген чындык жоопту качан угаар экенбиз?
+2
Shakek
2016-04-19 23:22:02
бул тоннель аркылуу кыргызстанга жер жангак(арахис) озбекстанга кездеме откоруп турганго
+1
tursunai98
2016-04-19 23:24:59
и менин чонойуп оскон жеримго кимдин уйунон чыгыптыр
0
barsbegKG
2016-04-19 23:29:29
Кызыктын баары ошол жакта. Эмнени озбек тараптан кыргыз тарапка(же тескерисинче) алып келип сатса пайдалуу болот баары ошол жерден отуп турган. 110метр тоннель казгандан кийин наркобизнес ж.б. нерселерди тушунсо болот!
+6
muli
2016-04-20 00:03:39
ХХХХ кылат чындык еле. ХХХ ХХХ болот
+2
admin_portal
2016-04-20 09:06:28
muli, башкалардын улутун мазактоого тыюу салынган! 1 күн БАН!
0
take.kg86
2016-04-20 00:21:30
Дагыда толугураак маалымат берип тургула админ кызык болуп жатат. Бул тунел эмне үчүн качан казылганы тууралуу толук так маалыматты күтөбүз
+1
Niyazbek Torobekov
2016-04-20 00:41:44
Башка планетаны изилдешкендей болубатат мага ,бул жерде чооон сыр барго дейм
+3
Pandora
2016-04-20 01:23:51
Узундугу 110 м болсо,не биздин чек арадагы адамдар менен озбекстандын чек арасындагы адамдардын жашаган жери ошончолук жакынбы? Аралык каттуу кыйкырсан угулчуудай.Мен ойлодум эле км болсо керек деп.
+2
tatynam_88
2016-04-20 01:57:29
Pandora,ооба,жакын жашашат эки Эл.карым катнашы да болчу.жакындале эле границасын казып,элдерди башка жерлерге кочургон.ошондо да жакын
+1
tatynam_88
2016-04-20 01:54:55
Бул аймакта баарыле аткезчилик кылышат эле.Узбекистан режимди кучоткон сон тюнел казып алышыптыр да.баяман базарынан товар ташып берет да.соодасы журуп калган экен Ким болсо да
+1
esimdesin
2016-04-20 07:35:21
баягы көлдөн табылган бир жандыктын сөөгү жөнүндөгү маалымат эмне болду? ошону чын-бышыгын айтып койсоңор болот эле?
+3
admin_portal
2016-04-20 09:08:47
esimdesin, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
Moskva.kg
2016-04-20 08:37:53
Соода сатык болсо эч нерсе эмес курал-жарак откорулбоду бекен Кыргызстанга ошону да тактап коюш керек
+3
syimykkk
2016-04-20 10:23:27
бул тонел чондордун тонели болуш керек
0
meerimbek.zhoroev
2016-04-20 11:13:16
Ошондо кайсы "жаны маалымат"?
0
baska
2016-04-20 13:32:54
Жаны маалыматынар ушулбу адамды куйгузосунорго,шашпай иштей берсин укук органдары качан гана озбектер жергебизге келип оз иштерин баштаганда ойгонорсунар,эми жаш балдар ойноп казып койушкан экен деп койгула отурасынарбы башынарды катырып......... вапще бетинер жок калыптыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан