Жакын арада Бишкектеги Фучик сейил багы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук администрациясы учурда сейил бакты таштандыдан арылтуу, арыктарды оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле көчөттөр тигилип, жарык берүүчү лампалар орнотулууда.