Бүгүнкү күндө өлкөнүн түзөтүү колонияларында отургандардын 8 пайызы гана баңгизаттан көз каранды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"19-апрелде өткөн маалымат жыйынында Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев журналисттерге "колонияларда отурган ар экинчи адам оор баңгизатты колдонот" деп айткан. Бирок колонияларда отургандардын 8 пайызы гана баңгизаттан көз каранды. Алардын бир бөлүгү (3,1 пайыз) каттоодо турат, дагы бир бөлүгү (4,9 пайыз) метадон терапиясынан өтүүдө",- деп айтылат маалыматта.