Кечээ, 19-апрелде Украина менен Кыргыз Республикасынын дизайнерлери биргеликте “Эски улуттук кийимдердин жандануусу” деген аталыштагы мода көргөзмөсүн өткөрүштү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы Украинанын элчилиги тарабынан уюштурулган. Мода көргөзмөсүндө "FOBERINI" аталышындагы белгилүү кийимдер боюнча дизайнер Ирина Лимаренко жана "BAIRA" этнокийимдеринин чебери Толгонай Керимкулова эмгектерин тартуулашты.
Ар бири унутта калган улуттук кийимдерди заманбап стилге шайкеш келтирип, мода сүйүүчүлөрдү кубантып жатышты. Кыргыз этнокийимдеринин дизайнери Толгонай Керимкулова "Каныкей" аталышындагы кийимдер коллекциясын тартуулады. Мында колго шырылган оюулар саркеч кийимдерге канчалык жарашарын көрсөттү. Анын айтымында, көйнөктөрдүн баасы 100дөн 1000 АКШ долларына чейин жетет. "Бул тармакта иштегениме 3 жылдан ашты. Украиналык дизайнерлер эмгектериме кызыгып, бул демилгени өздөрү көтөрүп чыгышты. Буюрса, кыргыздын улуттук оюулары мода дүйнөсүндө өз ордун табууда деп ишенем",- дейт Толгонай Керимкулова.
Ал эми украиналык чебер Ирина Лимаренко славян тарыхынын мааниси камтылган кийимдерди көргөздү. Эмгектеринде табигый жибек кездемелерди колдонгонун айтты. "Кийимдер табигый кездемелерден, ал эми оюулар колго шырылган. Кыргыз дизайнери экөөбүздүн жашыбыз, алдыга койгон максаттарыбыз окшош болуп чыкты",- дейт дизайнер.