СУПЕРСТАН: "Мени тамак жасоонун өзү зериктирет. Ошого эрте эле үйлөнүп алгам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тамак жасоодо эмне кылуудан эринесиз?" деген тема талкууга алынууда. Айымдар үчүн даамдуу, кайталангыс тамактарды жасоону билүү негизги орунда турат. Бирок ал нерсени күн сайын жасоодо кайталанма жумуштан тажаган учур да болот эмеспи. Темада тамак жасоодогу эриктирген иштер тууралуу форумчулардын пикирлеринен:

"Эт менен пияз туурагандан эринем".

"Камыр жууруп жайганда аз эле убакытта эптеп коём, бирок баары бир "камыр жасаш керек" дегенде заарканам".

"Мени тамак жасоонун өзү зериктирет. Ошого эрте эле үйлөнүп алгам".

"Баштап алгыча отура берем жалкоолонуп, баштап алган соң арыдан-бери бышыра салам. Негизи, аял кишинин ашканасы толуп турса, бардык тамакты көңүлдөнүп, эринбей жасайт".

"Мен тамак жасаарда жашылчаларды бычак менен аарчып-тазалоодон аябай жалкоолоном. Бирөө тазалап берсе".

"Мага камыр тамак кылган жакпайт, оромо, манты. Андан көрө 40 мүнөттүн ичинде аш басып койгон оңой".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2016-04-20 11:47:26
Тамак кылган мен учун ото оор нерсе
0
nerrazuri
2016-04-20 12:21:50
Жумушка шашып турганда аяалына давай бат баттан манты жасай кал эртереек убактым аз жеп кетейин десен охх сонун э
0
Kgz87
2016-04-20 14:03:06
Мен ваше кылгым келбейт тукумду да нормальный куруй албайм бирок россияда иштеп еле журобуз доширак жееп
0
Kgz87
2016-04-20 14:04:48
Ошого уйлонуп алыш керек болтат кыздар барвы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан